Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 3 Сен 2022 | 327 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, Бишкек шаардык ЖЭБин камсыздоо, бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маселелер каралды.

Төрөбаев жылытуу мезгили башталганга чейин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, маданият мекемелеринин отканаларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин толук жыйынтыкталышын тапшырды.

«Мамлекеттик органдар 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди, элди көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо боюнча белгиленген пландарды аткаруусу керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл», — деп белгиледи Төрөбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM