Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик монополия киргизилди. «Кара-Балта» заводу этил спиртин сатууга даяр

Кыска кабар | 3 Сен 2022 | 304 | 0

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы президенттин жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта крахмал камтыган сырьенун негизинде этил спиртин өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда ишкана менен алкоголдук жана медициналык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн ортосунда этил спиртин жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, ал  ишке ашырылып жатканы айтылды.

2022-жылдын 1-сентябрынан тарта өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилери жөнүндө президенттин жарлыгы чыккан.

«Кара-Балта спирт заводу» – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену, кант камтыган сырьену да кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM