Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: Путин бизге Орусиянын курамына кошулуу сунушун киргизген эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 433 | 0

Беларусь президенти Aлександр Лукашенко Минсктеги мектептердин биринде окуучуларга ачык сабак өттү. Анда ал мамлекет башында өзү турганда Беларусь эч бир өлкөгө кошулбай турганын айтты.

Лукашенконун айтымында, Орусия президенти Владимир Путин эч качан Белоруссияга Орусиянын курамына кошулуу сунушун киргизген эмес.

«Путин мага эч качан Орусияга кошулгула деген эмес», — деп айткан Лукашенко.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Батыштын Орусия жана Белоруссияга карата басымы бул эки өлкөнүн «биригүү жараянын тездештирүүгө» мажбур кылып жатканын айткан болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM