Connect with us

Жапаров сыйлыктар тууралуу мурда айткан билдирүүсү боюнча үн катты

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 949 | 0

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына мындан бир нече жыл мурда жазган «президенттер качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат» деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Президент ал убакта сыйлыктар, наамдар сатылгандыктан жазгандыгын айтты.

«Ал убакта сыйлыктардын баары сатылчу. Тааныш-билиш менен алчу. Акчаң болбосо бир дагы сыйлык ала алчу эмессиң. Мага сыйлык берүүгө сунуштамалар келип жатканда мындан ары акча менен эч кимге сыйлык берилбей тургандыгын айттым. Сыйлыкты, наамды сатып алганда биз өлкөнү эч качан өнүктүрө албайбыз. Биз ушуну менен экинчи жолу сыйлык тапшырып жатабыз, экөөндө тең татыктууларга берип жатабыз. Мындан ары бийликти, кызматты, наамды сатып алуу болбош керек», — деди ал.

Ошондой эле ал сыйылктар жалаң президенттин колдоочуларына эмес, сындап келгендерге дагы берилип жатканын белгиледи.

Президент кошумчалагандай, сыйлыктар өз кесибин ардактап, өмүр бою бир кесипти аркалап, анын өтөөсүнө чыккан дарыгерлер, өмүрүн билим берүүгө сайган чыныгы педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлерине берилип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM