Connect with us

«Ташиевдин мамлекет үчүн жасаган эмгектери сыр боюнча сакталат»

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 1292 | 0

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын мамлекет үчүн зор иштерди бүтүргөнү үчүн ыйгарганын айтты.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиевдин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасаган эмгектери азырынча сыр боюнча сакталат.

«Өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев турганын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейин эл кызматында болуп, «эл уулу» атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт», — деди президент.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбой турганын белгилеген.

«Мындан сырткары жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктайм», — деди ал.

Эске салсак, кечээ президенттин сыйлык тапшыруу боюнча чыгарган жарлыгынан кийин социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM