Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча кезектеги жолугушуу ушул жылдын сентябрь айында болуп өтөт.
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы телефон сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон.
Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкө башчы бирин-бири эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки элдин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү жолуу талкуулаган. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жолугушуусу сентябрда болуп өтөрү айтылган.
Мындан сырткары энергетика тармагында «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргеликте куруу долбоору тууралуу деп кеп болгон.