Connect with us

Президент: Апас Жумагулов өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алган

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 622 | 0

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын эмне үчүн ыйгарганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, журт аксакалы деген ардак наамды алып жүргөн Апас Жумагулов кыргыз журтчулугуна эле эмес, КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттерге да кеңири белгилүү.

«Эмгек жолун катардагы жумушчу болуп баштаган Апас Жумагулов аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде, элчилик кызматтарда узак жылдар бою үзүрлүү иштеген. Өзүн иштин көзүн билген мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алган.

Эки жолу Өкмөт башчысы болуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон. Апас Жумагулов кезегинде өлкө кризистик абалда турганда Өкмөт башына келип, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун таап, олуттуу экономикалык реформалардын башатында болгон. Ошентип өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алган», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM