Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн 20дан ашуун жогорку окуу жайында бизнес-парктар ачылды

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 336 | 0

Өлкөнүн 20дан ашуун жогорку окуу жайында чыгармачыл экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү мекемелериндеги аталган бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземине видеоконференция режиминде катышты.

«Бүгүн биз жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган долбоорду баштоодобуз. Алдыңкы мамлекеттердин өнүгүү тарыхы көрсөтүп тургандай, биздин негизги ресурсубуз – бул мыкты идеяга ээ, демилгелүү, таланттуу жаштар. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Биздин өлкөдө стартаптар рыногу эми гана өнүгүп жатат. Силикон өрөөнүнүн теориясына ылайык, стартаптардын 10% гана ийгиликке жетет. Ошондуктан улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасир этиши үчүн өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген стартаптар өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек», — деди ал.

«Студенттик стартап» программасынын алкагында маалыматтык технологиялар, медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары, химиялык технология, интеллектуалдык өндүрүш технологиясы, биотехнология, ресурс үнөмдөөчү энергия, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактарда стартап долбоорлор тандалат.

Андан соң мамлекеттик каржылоо үчүн эң күчтүү долбоорлор тандалып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM