Connect with us

Улуттук наркты сактоо жөнүндө беш жылдык программа бекитилди

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 844 | 1

Президент Садыр Жапаров «2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып, муундан муунга өтүп келген. Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы.

Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.

Маданияттардын ассимиляциясы, өзүнчөлүүлүктүн жоголушу тарыхтын белгилүү бир мезгилдеринде улуу империяларды жана кайталангыс маданиятты жараткан улуттук баалуулуктарды жоготууга алып келет.

Конституциянын 20, 21, 71-беренелерине ылайык, президенттин ушул жылдын 20-майындагы № 157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында токтом кылынат:

  1. 2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа (мындан ары ‒ Улуттук программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Улуттук программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Президенттин Администрациясына берип турсун.

Улуттук программа (кырг.)

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM