Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасынын курулушу башталды  

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 183 | 0

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, элдин саламаттыгын бекемдөө маселеси 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн келечеги саналган балдардын саламаттыгына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо маселеси мамлекеттин көңүл чордонунда турат.

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка  балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Падышалыгы) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот. Анда шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок жайгаштыруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM