Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 255 | 0

Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлыктарды тапшыруу эки бөлүктөн турат. Башталышы саат 10:00 жана 16:00дө.

Кечээ, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров өлкөгө эмгеги сиңген жарандарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн жана Кыргызстандын эгемендигинин 31 жылдыгына карата ыйгарылып жатат.

Мамлекеттик сыйлыктар кимдерге тапшырылды? (тизме)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM