Connect with us

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 405 | 0

2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди. Тийешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын кабыл алынышы «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын талабы болуп санала тургандыгы белгиленген.

Документ укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM