Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи болду

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 348 | 0

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сыйланды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.

Сыйлык депутатка өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген.

Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдык-укуктук актыларын аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө иштөө менен баштаган.

2001-2002-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын соттук токтомдордун мыйзамга дал келишин көзөмөлдөө бөлүмүндө кызматкер, 2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү, 2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 2005-2006-жылдары Башкы прокуратуранын уюштурууну камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүндө кызматкер, 2006-жылы Ысык-Ата районунда прокурордун орун басары, 2006-2007-жылдары Сузак районунда прокурордун орун басары, 2007-2009-жылдары Тогуз-Торо районунда прокурор кызматтарын аркалаган.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болгон. 2011-2013 жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

2020-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына, 2021-жылдын 29-декабрында VII чакырылышына төрага болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM