Connect with us

Маркум кинорежиссёр Болот Шамшиев Кыргыз Республикасынын Баатыры болду

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 382 | 0

Маркум инорежиссёр Болотбек Шамшиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.

Расмий маалыматта Болотбек Шамшиевге бул наам жана «Ак Шумкар» ордени Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры — мамлекеттик эң жогорку наам. Ал 1996-жылы 16-апрелде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ага ылайык наам ыйгаруу жобосу иштелип чыккан.

Анда: «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы менен мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндигин жана эгемендигин сактоого баатырдык, эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы наамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы наамга татыган адамга «Ак-Шумкар» ордени берилет», — деп айтылат.

СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болотбек Шамшиев чыгармачылык жолунда «Манасчы», «Ак кеме», «Караш-караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Бөрү зындан», «Эрте келген турналар» сыяктуу ондогон тасмаларды тартып, улуттук кино тармагын жаңы нукка алып чыгууга, кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө өзгөчө эмгек сиңирген. Ал 2019-жылы 21-декабрда 78 жашында көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM