Connect with us

Кыргыз-казак акындарынын айтышында Жеңишбек Жумакадыр баш байгени алды

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 203 | 0

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык кыргыз-казак айтышында баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылып, эки акынга 350 миң сомдон кош байге тапшырылды.

1-орунду кыргыз акыны Баян Акматов жана казак акыны Данияр Алдаберген алып, 200 миң сомдон кош байгеге ээ болгон.
Ал эми 2-орунду кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Аспанбек Шугатаев ээлеп 125 сомдон кош байгеге татышкан.
3-орунга кыргыз акыны Асылбек Маратов жана казак акыны Алтынбек Ибрагимов татып, 100 миң сом кош байгенин ээси болушкан. Мындан тышкары айтышка катышкан башка акындарга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM