Connect with us

Өлкө боюнча 539 мектепте директордун орду бош турат

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 1152 | 0

11-августтан 30-августка чейин жети облус, эки шаардагы мектептердин директорлугуна талапкерлерди сынактан өткөрүүнүн биринчи айлампасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар боюнча улуттук борбордун директорунун орун басары Зейнеп Жамакеева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле директорлорду тандоо сынагы Ош жана Бишкек шаарларында да өткөрүлдү.

Сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча 2039 талапкер арыз берген. Бирок алардын 667синин документтеринде жана катталуусунда мүчүлүштүктөр болгондуктан сынактан четтетилип, 1371 мугалимге катышууга уруксат берилген, алардын ичинен 43 талапкер себепсиз келген эмес.

Жыйынтыгында 486 талапкер суроолордун 60%ына туура жооп берип, сынактан өткөн. Учурда өлкө боюнча 539 мектепте директордун орду бош турат.

Тесттен эң жогорку баллды Бишкек шаарынын мугалимдери, андан кийин Ысык-Көл жана Баткен облусунун мугалимдери алган.

Эске салсак, июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган. Президент Садыр Жапаровдун  «Мектеп директорлорунун ишинин натыйжасын жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM