Connect with us

Президент Михаил Горбачевдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 133 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге мамлекеттик жана коомдук ишмер Михаил Горбачевдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Михаил Горбачевдун жакындары менен туугандарына кайрат айткан сөздөрүн жолдогон.

30-август кечинде Орусиянын Москва шаарында 92 жашында СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев каза болгон. Ал катуу жана узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Михаил Горбачев 1931-жылы 2-мартта советтик Орусиянын Ставропол крайындагы Привольный кыштагында туулган. Ал 1985-1991-жылдарда КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Генералдык катчысы,1988-1989-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы Төрагасы жана 1990-1991-жылдары СССРдин биринчи президенти болгон.

Горбачев бир катар сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды, анын ичинде 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM