Биз менен байланышыңыз

Президент Билим күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктап, ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарылдыгн белгилеген.

«Билимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл кептегидей, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алышына бардык шарттар түзүлүшү зарыл. Себеби билимдүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы. Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү – туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз» , — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент ошондой эле окуучуларга кайрылып, татыктуу тарбия, терең билим алуу – мамлекеттин келечегине кошкон чоң салым экендигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM