Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Милициянын мурунку кызматкеринин кайрылуусу боюнча текшерүү жүрүүдө

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 150 | 0

Кечээ, 30-август күнү Фейсбук аркылуу милициянын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитовдун дарегине карата бир нече доомат айтып кайрылган. Учурда Абитовду каралоолор боюнча текшерүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу Ош обулустук ички иштер башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.

Фейсбук аркылуу тараган видео бир канча мүнөт өткөндөн кийин кайрадан өчүрүлгөн.

Маалыматка карганда, ИИМ Сыргабек уулу Чубактын кайрылуусу боюнча текшерген учурда төмөндөгүдөй жагдайлар белгилүү болгон:

2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Фуркат айылынын 28 жаштагы Ш.А. аттуу жашоочусу (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын 10-июль күнү саат 16:00 чамасында күйөсү Сыргабек уулу Чубак пикир келишпестиктен улам арыз ээсин жана 3 жаштагы уулун уруп, денесине жарат келтиргендигин билдирген.

Чогултулган материал Кара-Суу милициясынын электрондук журналына катталып, 2021-жылдын 12-июль күнү Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуларга алган жараттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык, арыздануучу жана анын уулунун жеңил жаракат алгандыгы боюнча кортундусу чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун күйөөсү Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык өкүлү катары кызмат өтөй тургандыгы аныкталгандыктан, Ички иштер министрлигинин Ички иликтѳѳ кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Сыргабек уулу Чубак Укук коргоо органдарынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно бузгандыгы аныкталып, «Сөгүш» жана Ош милициясынын 2021-жылдын 22-июлундагы буйругу менен кызматтан бошотуу боюнча буйругу чыккан.

Чубак Сыргабек уулу кайрадан кызматына кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо уланууда. Ал эми соттун чечими боюнча Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитовдун иш бөлмөсүнө келгендиги такталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM