Биз менен байланышыңыз

Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 400 балага мектеп формасы берилди

Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 188 | 0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп куралдарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, өлкө боюнча 400гө чукул бала мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди жана канцелярдык буюмдарды алышкан.

Ведомствонун өнөктөштөрү «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому, «Ас-Сафа» кайрымдуулук борбору , «Эне – балага тирек», «Үмүт нуру», «Кайрымдуу инсан», «Элим, барсынбы?!», «Кызыл Жарым Ай», «Ассанабил», «Сүйүүнүн колу», «Кайрымдуу бол», Goodneighbors уюмдары болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM