Биз менен байланышыңыз

СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Авг 2022 | 687 | 0

Орусиянын Москва шаарында 92 жашында СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев каза болду. Бул тууралуу Орусия президентинин административдик аппаратынын Борбордук клиникалык ооруканасынын билдирүүсүнө шилтеме берип, жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматта Михаил Горбачев катуу жана узакка созулган оорудан кийин кечээ кечинде каза болгондугу айтылат.

Михаил Горбачев 1931-жылы 2-мартта советтик Орусиянын Ставропол крайындагы Привольный кыштагында туулган. Ал 1985-1991-жылдарда КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Генералдык катчысы,1988-1989-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун акыркы Төрагасы жана 1990-1991-жылдары СССРдин биринчи президенти болгон.

Горбачев бир катар сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды, анын ичинде 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM