Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 221 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан элдер ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү жана конфессиялык бирикмелердин жетекчилиги менен жолугушту.

Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттардын алдыңкы өкүлдөрүн өлкөдөгү биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү милдети экенине токтолуп, Кыргызстандын көп улуттуу элинин турмушун жакшыртуу жана жаштарды тарбиялоо жаатында биргелешип жигердүү иш алып барууга чакырды.

Жапаров ондогон этностук коомдук бирикмелерди өзүнө камтыган Кыргызстан элдер ассамблеясынын маанисине өзгөчө токтолду.

Белгилей кетсек, президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №38 жарлыгына ылайык, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Кеңешине президентке караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган статусу ыйгарылган.

«Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн элибиздин биримдигине негизделген кызматташуу жана жаратман эмгек керек. Өлкөбүздө жашаган этносторубуздун ортосундагы мамилени чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүү максаттардын жана милдеттердин бири болуп саналат», — деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле ал элдин биримдиги тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү алып келээрине ишенемин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM