Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салынды

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 3947 | 0

Сабак учурунда окуучулардын уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу Сунуштарды бекитүү жөнүндө» 30-августта буйругу чыкты.

Буйрук окуучулардын ден соолугунун начарлашынын алдын алуу, окуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, төмөндөгү учурларды кошпогондо жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизилет:

  • Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
  • Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
  • Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
  • Маалымат издөө үчүн  QR-коддорду окууда;
  • Электрондук күндөлүктү колдонууда;
  • Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонууда;

Ошол эле учурда ден соолугуна байланыштуу телефонду колдонууга муктаж болгон балдарга уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө коюлбайт.

Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар учурунда жалпы билим берүү уюмдарында уюлдук байланыш каражаттары менен колдонууга чектөө болбойт.

Класста смартфондорду рюкзактардан алып чыгуу жогоруда көрсөтүлгөн пунктарга ылайык, максаттуу колдонуу учурларда гана сунушталат.

Жалпы билим берүү уюмуна киргенде уюлдук байланыш каражаттарын «үнсүз» режимге которуу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM