Биз менен байланышыңыз

Сот тутуму Ульяновсктогу кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берди

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 131 | 0

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен сот корпусу 454 миң сом чогултуп, Орусиянын Ульяновск облусунда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн арасында томолой жана жарым жетим калган сегиз үй-бүлөнүн балдарына жардам көрсөтүлгөн.

30-августта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы соттордун төрагалары жана судьялар каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө  материалдык жардамды тапшырып, көңүл айтып келишкен.

Эске салсак, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM