Биз менен байланышыңыз

Банктар жана төлөм системалары QR-коддорду киргизүүгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 119 | 0

Улуттук банктын расмий сайтында 29-августта жарыяланган маалыматка караганда, 24-августта «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, коммерциялык банктар, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору -төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейин кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жана соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл.

Улуттук банк белгилегендей, QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатат.

Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын Банк тууралуу/Банк иши туралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүмүндө жайгаштырылган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM