Биз менен байланышыңыз

Байсалов БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директору менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 199 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагы боюнча аймактык директору Джон Эйлифф менен жолугушту.

Анда өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселеси талкууланды.

Эдил Байсалов белгилегендей, учурда 2018-жылы кол коюлган «2018-2022-жылдарга Кыргызстанда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк стратегиялык планын» ишке ашыруу боюнча Кыргыз өкмөтү жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

Стратегиянын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана акчалай колдоо көрсөтүлдү, ошондой эле «эмгек үчүн азык-түлүк/акчалай каражат» социалдык колдоо инструментинин аркасында жергиликтүү активдер түзүлүп, инфраструктура жакшыртылды.

«2018-2022-жылдарга Кыргызстанда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк стратегиялык планы» ийгиликтүү ишке ашырылууда жана өз максаттарына жетүүдө. Үстүбүздөгү жылы планды ишке ашыруу мөөнөтү аяктайт. Жана биз сиздер менен биргеликте «2023-2027-жылдарга Кыргызстанда БУУ ДАП өлкөлүк стратегиялык планы» иштелип чыккандыгына кубанычтабыз», — деди Байсалов.

Тараптар биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди, жаңы Өлкөлүк стратегиялык планды иштеп чыгуу жана ага кол коюу зарылдыгын макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM