Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унааны алдоо жолу менен ээлеп алган жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 144 | 0

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын 1995-жылы туулган тургуну Б.Б. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү жаран 2021-жылы жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң доллардан ашык зыян келтирген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM