Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлеринин оюнуна катышат

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 305 | 0

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Нователь мейманканасында өткөн футбол командаларынын маалымат жыйынында кабарланды.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш бүгүн, 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу «Город 312» тобу жана ата мекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовдор бар.

Футболго кирүү акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM