Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 121 | 0

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алдамчылык жөнүндө кылмыш ишинин алкагында Октябрь районунун сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун жашоочусу К. С. карата издөө жарыяланган.

Буга байланыштуу, ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин аныктоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Шектүүнү Бишкек шаарынын аймагында жүргөн жеринен кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM