Биз менен байланышыңыз

31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 149 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM