Биз менен байланышыңыз

Чуңкурчактагы даярдыктардын жүрүшү менен Акылбек Жапаров таанышып чыкты

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 625 | 1

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана Байтик Баатырдын 200 жылдык мааракесине карата Чуй облусунун Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосундагы боз үйлөр шаарчасы тигилди. Бүгүн, 30-августта  даярдыктардын жүрүшү менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышып чыкты. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусу өзүнүн ордосун уюштуруп, жалпы 7 боз тиккен. Ага катар Хан ордосуна улуттук жасалгаланган 2 боз үй орноткон. Иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун делегациясы элдик кол-өнөрчүлүк, этно базар жарманкеси, улуттук салттуу ырлар, ылдам боз үй тигүү, күл азык улуттук тамак-аш кароо сынактарына катышат.

Аталган саамалыкка катышууга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жетектеген Баткен облусунун делегациясы да кызуу даярдыктарды көрүп жатышканын билдиришти.

Тагыраагы Баткен облусунан маданият ишмерлери, кол өнөрчүлөр, ууз чеберлер, сүрөтчүлөр, скульпторлор катышып, жалпы 5 боз үйдөн турган этношаарча даярдалып, 1 боз үй сынакка коюшкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалайгул

    30.08.2022 15:20

    Жонокой адамдар катыша слабы.мен дагы коргум келет

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM