Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга баңгизат алып кирүүгө аракет кылган коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 194 | 0

УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, алардын жанынан жалпы салмагы 10 кг болгон гашиш табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги затын Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймактан К.Е.Б. аттуу Казакстандын жараны, өлкөсүнө контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 28-августунда «Чоң-Капка унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстанга өтүү учурунда коңшу өлкөнүн жараны К.Е.Б. кармалган.

Кармалган жаран  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM