Биз менен байланышыңыз

Чуңкурчак жайлоосунда өтүүчү иш-чаранын программасы

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 289 | 0

Эртең, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-чаранын программасын жарыялады:

  • Саат 10:00 – 10:20 — Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;
  • Саат 10:30 – 10:55 — «этно-базардын», «кыргыз айылынын», «ынтымак» республикалык кароо-сынагынын жана «улуттук спорт оюндарынын» ачылыш аземи;
  • Саат 11:00 – 11:50 — эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;
  • Саат 11:50 – 12:20 — эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын концерттик программасы;
  • Саат 12:20 – 12:50 — алыс аралыка чабылган аттардын келиши, байгелерди тапшыруу аземи;
  • Саат 12:30 – 16:30 — «ынтымак» республикалык кароо-сынактары: «кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы», «күлазык», улуттук тамак-аштар, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт өнөрү (кыргыз айылында улантылат);
  • Саат 12:30 – 17:00 — салбуурун, күрөш, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка улуттук оюндар;
  • Саат 12:30 – 13:15 — К.Орозов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;
  • Саат 13:20 – 14:30 — ат оюндары: кыз куумай, эр эңиш, эр сайыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү шамдагай жигиттер;
  • Саат 14:30 – 16:30 — «ынтымак» республикалык кароо-сынактары: улуттук салттуу ырлар, улуттук ырлар, улуттук кийим-кечелер;
  • Саат 15:00-16:00 — «ынтымак» республикалык кароо-сынагы: боз үйдү тез тигүү;
  • Саат 17:00 – 19:30 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын жабылышы.

Иш-чара «Ынтымак» республикалык кароо-сынактарынын номинациялары боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи жана гала концерт менен жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM