Биз менен байланышыңыз

Бузук ККМди колдонгондорго айып пул салынат

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 168 | 0

Бузук ККМди колдонгондор административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Маалыматка караганда, жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге 13 миң сом айып каралган.

Контролдук-кассалык машиналар төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет:

  • ККМге коюлган техникалык талаптарда каралган операцияларды аткарбайт же каталары менен аткарат, кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгарбайт, окулбай басып чыгарат же толук басып чыгарбайт;
  • салык кызматы тарабынан контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ККМде камтылган жана/же зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча берилүүчү маалыматтарды алууга жол бербейт;
  • провайдер (байланыш оператору) тарабынан берилүүчү байланыш жок болгон же маалыматтык системанын ишиндеги мүчүлүштүктөр болгон учурларды кошпогондо, зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго бербейт.

ККМдин иштешинин тууралыгын QR-кодду сканерлөө жолу менен, салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу же кассалык чектин QR-кодунун астында көрсөтүлгөн чектерди текшерүү сайты аркылуу өз алдынча текшерүүгө болот.

Бүгүнкү күндө Салык кызматынын кызыктыруучу лотереясынын катышуучуларынын саны 110 миңден ашык адамды түзгөн, алар күн сайын 76 миңге жакын чекти сканерден өткөрүшүүдө.

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи туру 1-октябрда ойнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM