Биз менен байланышыңыз

ТалМУнун ректору Айбек Упенов коррупцияга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 276 | 0

Талас Мамлекеттик университетинин кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас Мамлекеттик университетинин ректору Упенов Айбек Шерипбекович жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра 6 миң сом өлчөмүндө кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталган.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле, ректор кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кылмыш-Процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ректор Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM