Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайыздык деңгээлинде сактап калды

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 485 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайыздык деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим ушул жылдын 30-августунан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жазылды.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, геосаясий белгисиздик менен чогуу дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлде сакталышы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизген олуттуу факторлордон бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.

Ушул жылдын август айында инфляция 15,4 %ды түзгөн. (июль айында – 13,8 пайыз). Ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жаңы соода-экономикалык байланыштарга дүйнөлүк экономиканын ыңгайлашуусунан жана турукташуусунан улам, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлөт.

2022-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш агымы 7,7 %ды түздү (Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 4,7 пайыз). Сектор боюнча кыйла көбүрөөк өсүштү өнөр жай тармагы, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана айыл чарба тармагы көрсөткөн. Кредиттердин активдүүлүгүнүн өсүшү менен акча которуулар ички керектөөнүн жогорулашына өбөлгө түзгөн кошумча таасир көрсөткөн.

«Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк проинфляциялык тобокелдиктер жеңилдегенге чейин жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытын карманат. Кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт», — деп айытлат маалыматта.

Башкы банк кошумчалагандай, Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 31-октябрында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM