Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Кыска кабар | 30 Авг 2022 | 169 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-августта Кыргызстандын түштүк аймагында эки ирет жер титиреди. Тактап айтканда, саат 14:11де Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Анын очогу Талды-Булак айылынан түштүк-чыгышка карай 11 км, Токтогул районунан түндүк-чыгышка карай 54 км, Талас шаарынан түштүк-чыгышка карай 74 км аралыкта жайгашкан.

Ошол эле күнү саат 23:47де Ош облусунун аймагында дагы жер титиреген. Жер титирөөнүн очогу Жаңы-Асык айылынан 3 км түштүк-чыгышта, Куршаб айылынан 12 км түштүк-батышта, Кара-Суу айылынан 17 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 25 км түндүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жаңы-Асык, Сары-Колот, Жар-Ооз, Кызыл-Сенгир, Отуз-Адыр айылдарында 3 балл, Правда, Кара-Суу, Киров, Мады, Кызыл-Ордо, Кара-Жыгач, Курбу-Таш, Савай, Куршаб айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM