Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 30-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.