Биз менен байланышыңыз

Меценат Салымбеков Максат айылына бала бакча салып берди (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 1461 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Дордой» ассоциациясы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, бала бакча жаңы эмеректер менен камсыздалып, өрт сигнализациясы, өзүнүн отканасы жана башка мектепке чейинки билим берүү мекемесинин керектүү элементтери менен жабдылган. Бала бакча «Дордой» ассоциациясынын колдоосу менен курулуп, сметалык баасы 31 млн сомду түзгөн.

27-августта өткөн ачылышта «Дордой» ассоциациясынын президенти, меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков аталган айыл борбордон эң алыс жайгашып, шарты оор болуп, жаштар ал жактан борборго жана коңшу мамлекеттерге иштөө үчүн кетип жаткандыктан тандалып алынганын белгилеген.

«Биздин артыкчылыктуу максатыбыз инфраструктураны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү, бул өз кезегинде чек араны бекемдөөгө салым кошуу», — деген Салымбеков.

Салымбеков бала бакчаны айыл тургундарына тапшырып жатып, жаңы бала бакчанын тарбиячыларына жаңы муунду тарбиялоо иштерине ийгиликтерди каалаган.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-29-30-апрелиндеде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Алардын катарында Максат айылындагы бала бакча да толугу менен күйүп, жараксыз абалга келген.

Copyright © 2017 Maral FM