Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнү Чуңкурчак жайлоосунда белгиленет

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 486 | 0

31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. 

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX  кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда «Ынтымак» фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара саат 09:40та башталып, УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM