Connect with us

ЖАМК Бишкектеги СИЗО-1деги өлүм боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 464 | 0

Кечээ, 28-август таңкы саат 05.40 чамасында №1 Тергөө камакжайынын камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда 1987-жылы туулган, К.И.М. аттуу мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну эс-учун жоготкон абалда табылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 26-августунда Чүй районундагы колонияга мурда сот тарабынан аныкталган айыбы үчүн, 9 айдан ашык мөөнөттүн өтөбөй качып кеткендиги үчүн СИЗО-1ге киргизилген.

Нөөмөткө чакырылган фельдшер биринчи жардамды көргөзгөн, бирок бул оң натыйжа берген эмес. Саат 06.26да келген тез жардам кызматкерлери анын өлүмүн аныкташкан.

Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаардык медициналык экспертизанын республикалык борборунун кызматкерлери тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган.

Экспертизанын жыйынтыгында жарандын денесинен тактар табылган эмес. Так диагноз коюу үчүн Республикалык медициналык жана медициналык баа берүү борборунун соттук-медициналык эксперттери изилдөөгө кирген күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакыт талап кылынат.

Учурда Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM