Connect with us

Контрабандалык жүк ташыган унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 1128 | 0

Баткен райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан ЕАЭБ аймагына чыгууда мыйзам бузуу менен кармалган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз жараны К.О.Н башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5 тонна, баасы 100 миң сомду түзгөн дарбыз табылган.

К.О.Н аттуу жаран Өзбекстандан Кыргызстандагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин Баткен шаарындагы убактылуу сактоочу кампанын аймагына жеткирилген.

К.О.Н аттуу жаранга карата 60 миң сом айып салынган.

Товарлар 116 миң 865 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен бажылык тариздөөдөн өткөн.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM