Биз менен байланышыңыз

«Баткен Пауэр» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 504 | 0

24-25-августта «Баткен Пауэр» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча, 25-июлдагы козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде, уюштуруучусу аталган Х.у.Н. аттуу жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынган.

Ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлган.

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 млн сомдон 8 млн сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн.

Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, унааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан.

Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелер уюштуруучулар тарабынан бөлүнгөндүгү такталган.

Учурда башка мыйзамсыз лотерея уюштуруучуларга карата тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM