Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик катчы «Имам Сарахси» илимий конференциясына катышты

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 300 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ош шаарында Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Мамлекеттик катчы бул конференциянын маанисин жана аалым Сарахсийдин ислам укук таануучусу катары чоң ролун белгилеп, илими менен Борбор Азияга атагы чыккан имамдын өмүр жолуна токтолду.

Тактап айтканда, анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган зор илимий эмгеги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Имам Сарахсинин интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жана эс тутуму жогору болгон. Зынданда эч кандай адабият, калем, кагаз колдонбой, окуучуларына өзүнүн атактуу «Аль Мабсут» китебин айтып, жаздырган. Имам Сарахси илим менен илимди баарынан жогору койгон. Өмүрүнүн эң оор учурларында да дин кызматын таштабай, бир катар чыгаан илимпоздорду тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы үч жылын эркиндикте өткөрүп, китептерин аягына иштеп чыгарган.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, Имам Сарахсинин адамдык баалуулуктары, дүйнө таанымы жана чындык менен адилеттүүлүккө берилгендиги, калпты жана эки жүздүүлүктү жек көрүүсү бардык илимпоздор жана мусулмандар үчүн чоң үлгү.

Сүйүнбек Касмамбетов Имам Сарахсинин ислам укугундагы мааниси жана жалпысынан азыркы мезгилде ислам укук илиминин өнүгүшү боюнча баяндамалар угулган бул конференциянын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM