Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 3 саат ушактарга эле жооп берип отурдум

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 811 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалыматтык агенттигине берген маегинде, Курултай тууралуу да комментарий берди. Ал былтыр журналисттерге президенттер үчүн салтка айланган отчеттук маалымат жыйын бергенин мисал кылып, анда жалаң ушактар тууралуу суроо берлигенин айтып, өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу сунуш-пикир албаганын айтты. Президент Элдик курултайда өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу сөз болоруна ишенет.

Жапаровдун айтымында, Элдик курултай эч кандай парламенттин ордун баспайт. Жылына бир жолу чогулуп, өкмөттүн, парламенттин бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарын угуп, аткарылган иштер боюнча өздөрүнүн көз караштарын айтып, алдыдагы жасала турган иштер боюнча сунуштарын берип, кайра тарап кетип турушат.

Өлкө башчы муну «30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Экономикабыздын абалы кандай? Кантип көтөрсөк болот? Кайсы аймактарга жолдорду, кайсы аймактарга мектептерди, кайсы аймактарга завод-фабрикаларды салсак деген бир дагы демилге же сунуш жок. Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурдум», — деп түшүндүргөн.

Президент Курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берүү менен, элеттен келген делегаттар менен чогуу өлкөнүн өнүгүүсүн талкуулаганга мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

Ошондой эле, элге отчет берүүнү адатка айлантуу ыкмасы деп кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM