Биз менен байланышыңыз

Индиядагы чектөөдөн улам, күрүчтүн баасы өсүшү мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 469 | 0

Индия дүйнөдөгү күрүч экспортун кыскартат.

Күрүч экспорту боюча дүйнөдөгү эң ири өлкө болгон Индия, ички базарындагы баалар өскөнүнө байланыштуу экспортко чектөө киргизди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Агенттиктин жеке булактары берген маалыматка ылайык, Индия өкмөтү күрүч экспортун кыскартуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда.

2022-жылы өлкөдө жаан-чачын аз болгондугуна байланыштуу Индияда шалы талаалары 8%га кыскарган.

Дүйнөдөгү күрүч экспортунун 40%ы Индияга туура келет. Индиянын чектөөсү дүйнөдө күрүчтүн баасынын өсүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM