Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 241 | 0

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы салынган имаратка көчүрүлдү.

Кечээ, 26-августта, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Имараттын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Ачылуу иш-чарасында атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курамы жана УКМК ардагерлери, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков да болду.

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, машыгуучу зал жана башка тийиштүү кызматтык жабдыктар менен толугу менен камсыздалган. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертип өттү.

Атайын кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмү буга чейин райондук соттун имаратынын бир бөлүгүндө иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM