Биз менен байланышыңыз

Ахунбаев көчөсүнө жаңы таштанды урналары орнотулду

Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 247 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында чакан таштанды урналарын орнотууну улантууда.

Иса Ахунбаев көчөсүнө Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин ишкананын логотиби түшүрүлгөн жаңы таштанды челектерин орнотуу иштери аяктады.

Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар жолдун эки тарабындагы тротуарларды бойлой орнотулган, ар жолдун эки тарабында 20дан коюлган. Аларды орнотуу үчүн 4 жумушчу жана 1 бирдик атайын техника тартылган.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы катардагы урналарды заманбап жана ыңгайлууларга толугу менен алмаштырууну пландоодо.

Урналарды ишкананын базасында “Тазалык” ишканасынын жумушчулары жасашкан.

Ишкана жарандардан кызматкерлердин эмгегин сыйлап, таштандыларды урналарга таштоону суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM