Биз менен байланышыңыз

Европада жаратылыш газынын баасы дагы кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 470 | 0

Европада жаратылыш газынын баасы дагы көтөрүлдү.

Орусия «Түндүк агым» куурун 31-августтан тарта 3 күнгө оңдоп-түзөө үчүн токтото турганын билдирди. Мындан улам, Европага сентябрь айы үчүн газ жеткирүүчү фьючерстрдин баасы дароо 9%га кымбаттап, бир мегаватт-саат үчүн рекорддук даражадагы баага, тагыраагы 340 еврого жетти.

Орусиянын «Түндүк агым» аркылуу газ экспортун 3 күнгө токтотуусу расмий Москва Европага жаратылыш газын жеткирүүнү толугу менен токтотуп коюшу мүмкүн деген коркууларды күчөттү.

Германиянын Экономикалык изилдөөлөр институтунун башчысы Марсел Фрацшер европалыктарга жаратылыш газынын кымбат наркы узак убакытка чейин сакталат деп эскертти. Ошондой эле энергияга болгон баа эч качан согуштан мурунку абалга келбей турганын кошумчалады.

Фрацшердин айтымында, Орусиянын Украинадагы согушунан улам, энергия баасы соңку 5-7 жылда ушундай кымбат бойдон калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM