Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Тоолуу Карабахтагы Лачин шаарын ээлегендигин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Авг 2022 | 1369 | 0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабахтагы Лачин шаары жана Забух, Сус кыштактарынын Баку көзөмөлүнө өткөнүн жарыялады. Аталган шаар жана кыштактар Тоолуу Карабахты Армения менен байланыштырган Лачин трассасында жайгашкан.

Илхам Алиев маалымдагандай, Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабахтын четиндеги стратегиялык мааниге ээ болгон Лачин шаары (армян тилинде — Бердзор) жана ага жакын жайгашкан Забух, Сус кыштактарына кирип барган. Бул тууралуу ал кечээ, 26-августта Твиттерде жазды.

Лачин Армения менен Тоолуу Карабахты байланыштырган негизги трассанын жээгинде жайгашып, 2020-жылдагы согуш аяктагандан соң, Орусиянын тынчтык миссиясынын көзөмөлүнө өтүп, «Лачин коридору» деп атала баштаган. Ал жерде Орусиянын 2000дей аскери бар.

Москва ортомчулук кылан келишимге ылайык, Лачин району Азербайжандын карамагына өтүп, үч жыл ичинде Армения Лачинди андагы жолу менен кошо Бакуга өткөрүп бериши керек болгон. Ал эми карабахтык армяндар үчүн өзүнчө коридор куруу милдеттендирилген. Бирок Армения тарап азыркы күнгө чейин ал жолду кура элек. Баку бийлиги аларды милдеттерин так аткарбастыкта айыптап, Азербайжан коридор үчүн өзүнө тиешелүү жолду эбак бүтүргөнүн айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM